Шакиев: унаасын камсыздандырбагандарга айып салуу мөөнөтүн жылдыруу президент менен талкууланып жатат

Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-январдагы жыйынында депутаттар унааларды милдеттүү камсыздандырууну 2025-жылга чейин жылдырып турууну сунуштады. Эл өкүлдөрү камсыздандырууга айдоочулар да, компаниялар да даяр эмес деген ойдо. 

Депутат Дастан Бекешев жана Нуржигит Кадырбеков унааларды апрелге чейин камсыздандырууга айдоочулар үлгүрбөй турганын ал эми, камсыздандыруу компанияларынын техникалык мүмкүнчүлүгү жетпей турганын белгилешти.

«Күнүнө 10 миң унаа камсыздандыруудан өтүшү керек. Ага компаниялар да жетишпейт. Айдоочулар апрелге чейин унааларды камсыздандыра алышпайт. Анан айып пул салынып калат. Ошондуктан жайга чейин же кийинки жылга жылдырып турса жакшы болот эле» — дейт Бекешев.

Ал эми, депутат Тазабек Икрамов милдеттүү камсыздандырууну 2025-жылга чейин жылдырууну сунуштады.

«Машина алып, каттап жатканда ошол жерде камсыздандыруу компаниялары отуруп, өздөрү жөнүндө маалымат бериши керек. Буга мамлекет, өкмөт кызыктар болбошу керек. Бул жерде элди мажбурлап унааны камсыздандыруунун өзү туура эмес» — деди Икрамов.

Жыйында спикер Нурланбек Шакиев эл өкүлдөрүнө жооп берип, маселе президент менен талкууланып жатканын, оң жыйынтык болоорун билдирди.

Быйыл 1-январдан тарта ар бир жаран унаасы үчүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алсын деген мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, полиси жоктор 1-апрелден баштап айыпка жыгылып, жоопко тартылат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*