
Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 7 коло медаль утту. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Чемпионатка 22 жашка чейинки спортчулар катышкан. Кыргызстанга байге уткандар:
- Ислам Торобаев (54 кг);
- Аскат Култаев (63,5 кг);
- Ихтияр Нишонов (67 кг);
- Нурадин Рустамбек уулу (71 кг);
- Нурсултаев Болотбаев (86 кг);
- Бакыт Токтосун уулу (92 кг);
- Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору).
Спортчулардын улук машыктыруучусу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу.
Оставьте первый комментарий