
Жалал-Абаддагы кейиштүү абалда турган «Береке» базарынын жолдоруна асфальт төшөө март айында башталат. Бул тууралуу базардын администратору Төлөгөн Жапаров Т-Медиага билдирди.
«»Береке» базарындагы жеке менчик ээлерин чакырып облустук администрацияда да, мэрияда да жыйын кылганбыз. 10-апрелден 10-мартга чейин жолдорду асфальттоого милдеттеме алганбыз. Жеке менчик ээлерине да «сууларды тартып бүткүлө, кийин жолду казам дебегиле» деп эскертүү бердик» — дейт Төлөгөн Жапаров.
“Береке” Жалал-Абаддагы эң ири базарлардын бири. Ал жайда жаан-чачын мезгилинде жолдорго суу топтолуп, адам басууга мүмкүн болбой калат. Ал эми, кыш мезгилинде кар толук тазаланбай жолду муз каптайт. Соода түйүндөрдүн мындай абалын биздин аймактык кабарчы декабрда чагылдырып, бирок жетекчиликтен жарытылуу жооп ала алган эмес.
Бир айдан кийин телетоп кайрадан барганда базар администратору марттан тарта асфальттоону баштоого милдеттеме алганын билдирди. Береке базарына жалпы 70дей адам ээлик кылыт. Мындан улам, бир чечимге келүүгө мүмкүн болбой, жолдорду калыбына келтирүү колго алынбай келген.
Оставьте первый комментарий