
Бишкекте өткөрүлгөн «Кыргыз – Өзбек» бизнес форумунда 168 миллион долларлык 11 документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Документтер Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган. Алар:
- Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасы”;
- Суммасы 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Суммасы 8 млн долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;
- Чоң-Алайда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Суммасы 20 млн долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргызстанда кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;
- Суммасы 100 млн долларлык Өзбекстанга Кыргызстандан жүгөрү данын жеткирүүгө келишим;
- “ТНК” Дастан” ААК менен “Тошэлектроаппарат” ортосунда Кыргызстанда электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Базальт ташын кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;
- Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Узавтосаноат” акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
- Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “UzXCMG” ЖЧК ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
- Суммасы 10 млн долларлык Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишим.
Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин 26-январда иш сапары менен Бишкекке келген. Бүгүн эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форуму өттү. Бул жолугушууда бир катар документтерге кол коюлары айтылган.
Оставьте первый комментарий