
Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Мамлекеттик курулуш агенттигинин буга чейинки жетекчиси Нуртазин Жетибаев берген арызына байланыштуу кызматынан кетти.
Нуртазин Жетибаев курулуш агенттигине былтыр июнь айында директор болгон.
Ал эми, Жыпаркулов буга чейин Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген.
Оставьте первый комментарий