
Бишкекте түштөн кийин (экинчи сменада) окуган окуучулар эки күнгө онлайн-окууга өтүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Мындай чечим, өлкөгө Өзбекстандын президенти келген учурда Бишкектеги айрым жолдорун жабуу пландалып жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Экинчи сменада окуган окуучулар 26-27-январда онлайн окушат.
Буга чейин, Ички иштер министрлиги да Өзбекстан президентинин сапары учурунда Бишкекте айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизиле турганын кабарлаган. Ушул күндөрү Борбор калаадагы бардык мектептерде сабактардын убактысын кыскартууну сунуштаган эле. Себеби жолдогу чектөөлөрдөн улам балдардын мектепке келип-кетишине тоскоолдуктар болушу мүмкүн.
Оставьте первый комментарий