
Караколдо төрөт бөлүмүндө чарчап калган алты ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу алты жетекчи иштен алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Ымыркайлардын өлүмүнөн кийин аларга көрсөтүлгөн медициналык жардам териштирилген. Анализ төрөтканада элементардык санитардык талаптар жана гигиеналык эрежелер сакталбаганын аныктаган. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө алып келген инфекцияны жугузуп алуу учурлары өз убагында аныкталган эмес. Анын алдын алуу иштери жүргүзүлбөгөн. Бул үчүн административдик жаза чаралары көрүлүп, төмөнкү жетекчилер иштен алынды:
- Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун милдетин аткаруучу Кыдырбаева М.Б.;
- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Сагынбаев М.О.;
- Оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Атагелдиева И.К.;
- Оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Алдашева Р.К.;
- Оорукананын ресурстук борборунун башчысы Айткулуева А.Т.
- Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору, Ысык-Көл облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясына ээ Тайлакова Г.Б.
Ошондой эле, оорукананын бир катар кызматкерлерине, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланды.
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканасында 15 күндө жаңы төрөлгөн 6 ымыркай чарчап калган. Мындан улам, төрөткана дезинфекцияга жабылган.
Оставьте первый комментарий