«Бул окуя — совет элинин биримдигинин тарыхы». Жапаров Ленинград бошотулган күнгө карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров 27-январь Ленинград шаарын фашисттерден бошоткон күнгө карата кайрылуу жасады. Өлкө башчы, бул окуя — жалпы совет элинин биримдигинин, ажырагыс достугунун тарыхы экенин айткан. 

Куттуктоодо Жапаров азыркы муун, кийинки муун, андан кийинкилер бул окуяны жыл сайын эскерип туруусу абзелдигин белгиледи.

«Мына ошол курчоодо калган Ленинград шаарынан Кыргызстанга 16 миңден ашуун адам, алардын ичинде 3,5 миңдей турмуштун ачуу-таттуусун биле элек бөбөктөр көчүрүлүп келген. Аларды өз балдарындай бапестеп, асырап чоңойтушкандыгы — элибиздин меймандостугун, айкөлдүгүн айгинелеп турат. Көзүнүн тирүү кезинде эле легендага айланган Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылынын тургуну Токтогон Алтыбасарова Ленинград алааматынан көчүрүлүп келген 150 балага энелик мээримин төгүп, тарбиясын бергендиги эле эмне деген каармандык. Тилекке каршы, Ленинград үчүн салгылашта 4,5 миңден ашуун кыргызстандык баатырларча курман болгон» 

1944-жылы 27-январда Ленинград шаары фашисттик аскерлердин курчоосунан толугу менен бошотулган. Расмий маалыматка караганда өлкөдө согушка катышкан көзү өтө элек 12 ардагер калган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*