ИИМ Жеңиш Разаков эмнеге шектелип кармалганын маалымдады

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кармалышы боюнча маалымат таратты. Анда Разаков алдоо жолу менен 1 млн АКШ долларын алууга шектелип жатканы айтылат. 

Маалыматка караганда, Жеңиш Разаковдун үстүнөн былтыр 20-сентябрда арыз түшкөн.

«Жабырлануучу 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп 1 млн АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген» — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча 1-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренеси менен иш козголгон. 24-январда Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ага «Алдамчылык» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыбы угузулду. 26-январда Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы аныкталып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1468 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*