
Бишкектеги “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаровдун расмий жолугушуу аземи башталды.
Бүгүн мамлекет башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болот.
Андан соң, алар кеңейтилген курамда жыйын өткөрүшөт. Жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлуп, Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев билдирүү жасашы айтылган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, 26-январда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Аны президент Садыр Жапаров «Манас» эл аралык аэропортунда тосуп алган. Мирзиёев алгач «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы Үркүн окуясында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койгон.
Автор: Кайыргүл Рыскулова
Оставьте первый комментарий