
Кыргызстанда биринчи жолу өспүрүм кыздардын жетилүүсү жана ден соолугу тууралуу «Oky» (Оки) мобилдик тиркемеси ишке киргизилди. Аны «Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө иштеп чыккан.
Тиркеме өспүрүм кыздардын айыз циклине көз салууга жана репродуктивдүү ден соолугуна байланыштуу жетишсиз болгон маалыматтарды алууга жардам берет. Учурда тиркеме дүйнөнүн 13 өлкөсүндө иштеп жатат.
«Oky» (Оки) приложениясы Android жана App Store үчүн жеткиликтүү. Анда циклдин жеке календары, улуу эжеси менен сүйлөшө турган чат боту, кыздардын чоңоюусу тууралуу пайдалуу маалымат топтогон энциклопедия бар. Ошондой эле, тиркемеде кыздарга арналган бир нече оюндар жана кызыктуу функциялар жайгаштырылган.
Өлкө боюнча мүмкүн болушунча көбүрөөк кыздарды тартуу үчүн тиркеме көчүрүп алууга жеңил болуп жасалган жана акысыз.
ЮНИСЕФ буга чейин жетилип калган кыз балага айыз деген эмне экенин жөнөкөй, оңой жол менен үйрөнүүгө жардам берген Акылай жөнүндө да аңгемени чыгарган.
Оставьте первый комментарий