Жалал-Абад: Ноокенде жарандардын үйүнө акысыз китеп жеткириле баштады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ар бир үйгө акысыз китеп жеткирип берилип жатат. Бул  «Китеп куржун» акциясын райондук китепкана демилгелеген.

Акциянын максаты жаштардын жана улуу муундардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу. Анын жүрүшүндө түрдүү багыттагы китептер мамлекеттик мекемелерге жана жарандардын үйлөрүнө жеткирип берилет. Аларды жарандар окуп бүткөндө же 10 күндөн кийин китепкана кызматкерлери кайрадан ошол үйгө барып, китептерди жаңысына алмаштырып кетет.

«Максатыбыз адабияттарды жайылтып, жарандарды китепканага тартуу. Себеби «Китеп куржундан» китеп берилгенден кийин, ал жаран башка тааныштарына айтат. Аны уккан адам китепканага келип, окурманыбыз көбөйөт деген ойдобуз. Учурда, жаш балдардын китепканага келгендери көбөйө баштады» — дейт Ноокен райондук Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананын жетекчиси Алтынай Ажибаева.

Ноокен районунда жалпы 21 китепкана иштейт. Райондук китепканада 51 миңден ашуун китеп бар. Андагы кызматкерлер элдин кызыгуусу артып, китептердин чаң баспай окулушуна кызыкдар.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*