Кара-Сууда эки жаран октон жараат алып, ооруканага түштү

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жараат алып ооруканага түштү. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат. 

Маалыматка караганда, 27-январь саат 19:15 чамасында, жабырануучулардын үйүнө жашы 30-35 чамасындагы белгисиз жарандар барган. Турак жайдан жабырлануучулар өзүнүн унаасын айдап чыгып баратканда аларга ок чыгарышкан.

«Шектүүлөр куралчан, үстүндө камуфляж формасы болгон. “Мересед-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү автоуна менен үйдүн короосуна киришкен» — деп айтылат милициянын маалыматында.

Натыйжада октон 32 жаштагы жаран ич тарабына, 21 жаштагы жаран бутуна жараат алган.

Фактыга Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-беренеси каракчылык боюнча иш козголду. Милиция ошол эле күнү, саат 23:21 чамасында шектүүлөрдүн унаасын тапкан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*