Элдин пикири: коррупция Саламаттык сактоо министрлигинде курч, жергиликтүү бийлик органдарында нормалдуу

Улуттук статистика комитети 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата бийлик органдарынын ишине элдин ишенимин баалаган индекстин жыйынтыгын жарыялады. Анда калк коррупциялашкан деп эсептеген тармактын сап башына Саламаттык сактоо министрлиги чыккан. 

Андан кийин эле, Ички иштер министрлиги, мамкурулуш агенттиги, Юстиция министрлиги турат.

Калктын ишеним индекси кантип бааланат?

«Калктын ишеним индекси» элдин мамлекеттик органдарга ишенимин баалоо үчүн жылына эки жолу жүргүзүлөт. Бул үчүн Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери жер-жерлерди кыдырып, жарандарга аңкета толтуртат. Анда элдин бийлик органдарына жеке ишеними, коррупциянын деңгээли боюнча жеке пикири тууралуу суроолор бар. Ал сурамжылоого 7 облус жана Ош, Бишкек шаарларында 400дөн адам катышып, индекс жалпы 3 600 адамдын пикирин камтыйт.

Сурамжылоонун жыйынытыгын чыгарганда элдин баасы +100 дөн, -100гө чейинки диапазондо көрсөтүлөт. Башкача айтканда «0» дөн жогору 100гө чейинки баа элдин оң пикирин, «0»дөн төмөн көрсөткүчтөр -100гө чейин бааланып, элдин өтө терс пикирин билдирет.

Былтыр жүргүзүлгөн сурамжылоодо эч бир орган элдин 100 баллдык ишенимине кире алган эмес. Ал эми, Саламаттык сактоо министрлиги жыл башында коррупциянын деңгээли боюнча — 0,3 деген өтө терс диапозонго жетсе, жыл соңунда бираз жогору баа алган. 2021-жылга чейин, эл коррупциялашкан деп эсептеген органдардын сап башында бажы кызматы туруп келген. Эки жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин айкындыгына ишеним жоголгон.

Эл 100% таза деп эсептебесе да, башкалардан көбүрөөк ишеним көрсөткөн органдардын алдында райондук маанидеги шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турат.

Саламаттык сактоо министрлигин коррупциялашкан орган деп эсептеген эң терс бааны Бишкек (-17,5) шаарынын жана Талас (-11,5),  Чүй (-14,7) облустарынын тургундары берген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*