Орунбеков Акылбек Жапаровдун жекелигине асылуудан алыс болууга чакырды

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду каралоо жүрүп жатканын билдирип, анын жекелигине асылуудан алыс болууга чакырды.

Орунбеков бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган.

«Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүч менен белгилейбиз. Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экени белгилүү. Мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга ар дайым даяр. Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз.» — деген Орунбеков.

Ошондой эле, Жапаров президенттин командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барып жатканы белгиленген.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*