Ош-Ноокат-Раззаков жолун оңдоо жазында башталат

Ош-Ноокат-Раззаков жолун реконструкциялоо жаз айларында башталат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүн, 28-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, депутат Жусупбек Коргонбай уулу Ош-Ноокат-Раззаков жолунун абалы менен таанышкан.

Анда жолдун Ноокат районундагы кооптуу тилкелерин реконструкциялоо иштери жаз айларында башталаары айтылган. Учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат.

Ош-Исфана жолунун Ноокат районундагы бөлүгү 50 жылдан бери реконструкциядан өтө элек. Мындан улам, Ноокат районунун тургундары жолдун оңдолушун талап кылып нааразычылык билдирип келишет.

Жолдун узундугу 47 чакырымды түзөт, 1968-1971-жылдар аралыгында курулган. Бүгүнкү күндө жолдун 70 пайызы жарактан чыккан. Бул трассада 11 көпүрө бар, анын экөө авариялык абалда. 2021-жылы ошол кездеги министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да тургундар менен жолугуп, ошол жылы күздө жолдун курулушу башталат деп убадалаган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*