
Ош-Тазалык ишканасы курулуш компанияларга шаарга көп кабаттуу үйдүн курулушун баштаганда анын жанына автоматтык унаа жуучу жайларды орнотууну сунуштады. Мындай жабдыктын видеосун мекеме расмий Фейсбук баракчасына бөлүшкөн.
«Шаардын көптөгөн кичи райондорунда көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткандыктан, ар бир курулуш компаниясы ушундай унаа жуучу жайларды орнотсо жакшы болмок» — деген мекеме.
Видеодо көрсөтүлгөндөй курулуш болуп жаткан жерге жүк ташуучу унаалар барганда, алар булганыч абалда чыгат. Бул шаардын жолдорунун көрүнүшүн бузат. Сунушталган жабдык унаанын курулуш болгон жерден чыкканда жуулуп, шаар ичине таза абалда, жолду булгабай кетишине мүмкүндүк түзмөк.
Оставьте первый комментарий