OshBus: дээрлик 4 млн коротулган тиркеменин мүчүлүштүктөрү качан оңдолот?

Ошто маршруткаларадын кыймылын көрүп туруу үчүн иштелип чыккан тирмекеден айрым кичи автобустар көрүнбөй жатат. Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директору мындай мүчүлүштүк улгайган айдоочуларда же смартфону эскилерде болушу мүмкүн деген пикирде. 

Ал эми, айдоочулар тиркемеге кошулуп, навигаторду жандырса да OshBus приложениясында алардын кыймылы көрүнбөй жаткандыгын, системада мүчүлүштүк болушу мүмкүндүгүн айтып жатат.

«Техника да ар кандай болушу мүмкүн. Мен эртең менен жумушка чыкканда жандыргам. Менде жанык эле турат» — дейт кичи автобус айдоочусу.

OshBus тиркемесин иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү казынадан 4,5 миллион сомго тендер жарыяланып, 3 млн 800 миң сомго кыргызстандык «СМАРТС» компаниясы утуп алган. Тиркеме август айында ишке киргенде эле анын кемчиликтери эскертилген. Анда бийлик өкүлдөрү эки айдын ичинде мүчүлүштүктөрдү жоёбуз деп убада беришкен. Бирок арадан 7 ай өтсө да олчойгон сумма коротулган тиркеме толук кандуу иштебей жатат. Бир тарабынан кичи автобустардын кыймылы толук көрүнбөй жатса, экинчи тарабынан тиркеменин бар экенинен кабары жок жүргүнчүлөр көп.

Январь айына чейин тиркемени 5 миң гана жаран жүктөгөн. Акыркы айда гана жарнама берилип, колдонуучулар 20 миңге көбөйгөн. Бул жолу жүргүнчүлөрдү ташуу агентти тиркемедеги кемчиликтер план боюнча 30-январдан оңдоло баштайт деп убада кылды.

«Дүйшөмбү күнү биз менен келишим түзгөн компаниянын өкүлдөрү, жетекчиси кошо келет. Эки-үч күн ушул жерде иштеп, калган кемчиликтерди да бүтүрөбүз. Негизи биз ар бир ишке чыккан маршрутканын кыймылын, тиркемени жандырган жандырбаганын көзөмөлдөп, онлайн көрүп турабыз. Ар бир ОсООнун жетекчиси да көрүп турат» — дейт Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директору Мунарбек Тургунбаев.

OshBus тиркемеси жарандар кичи автобустардын кыймылын күзөтө алышы үчүн иштелип чыккан. Анын жардамында кайсы кичи автобус кайда келе жатканын жарандар аялдама чыкпай эле алдын ала билсе болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*