
Баткенде былтыр 27-апрелде үйүнөн чыгып кетип, кайтып келбеген 27 жаштагы Руслан Рашид уулу изделип жатат. Бул тууралу облустук ички иштер башкармалыгы 30-январда билдирди.
Милицияга аны издеп Баткендин Бужум айылынын тургуну кайрылган.
Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170 см, психикалык жактан жабыркабайт. Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.
Милиция сүрөттөгү жигитти көрүп билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышууну өтүнгөн: (03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.
Оставьте первый комментарий