
Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунда карактоо менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалганын кабарлады.
Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз адамдар аны чакырып, автоунаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына жакын жерге алып чыгып, бычак жана тапанча менен коркутушкан. Андан соң колун тилип, тапанча менен бут алдына атып 50 миң сомун тартып алышкан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин («Каракчылык») негизинде иш козголгон.
Ошондой эле былтыр апрель айында дагы бир жаран Жалал-Абад облустук милициясына кайрылып, 950 миң сомго автоунаасын сатып алган эки адам 250 миң сомун бербей койгонун айткан. Алар коркутуу жолу менен машинаны өзүнө каттатууга аракет кылышкан.
«Кылмыштуу ойлору ишке ашпай калгандыктан 200 доллар жана 5000 сомун тартып алышкан. Андан кийин да каражат талап кылганы айтылат. Бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен тергөө башталган. Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, «Турар» жана «Айбек» аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган», -деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөрдүн биринин Жалал-Абад шаарындагы үйүн тинткенде эки бычак, колго жасалган бир тапанчага окшош курал, «Макаров» үлгүсүндөгү эки тапанча, төрт ок табылган. Мындан тышкары анын шериги, 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. жашаган үйдөн жана «БМВ» үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылган. Кармалгандар Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Оставьте первый комментарий