
Спортчулардын баарын «криминал» деп каралабаш керек. Мындай пикирин Ош мэриясына караштуу «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов «Т-Медианын» эфиринде билдирди.
Исмаиловдун пикиринде, спортто жүргөндөрдүн көпчүлүгү кримчөйрөгө же башка жаман иштерге аралашпайт.
«Ар бир адам акылы менен болушу керек. Кайсы бир топко кошулуп же кайсы адам менен сүйлөшүп жатканда ал ким, кайсы чөйрөдөн экенин билгени оң. Таза спортчулардын көпчүлүгү кримчөйрөгө же башка жаман иштерге аралашпайт. Алардын мээси жакшы иштейт. Сыртта турган адамдар сүйлөп коё берет. Бирок чемпион болуп, мээнетке жетүү бул өзүнчө эмгек, өзүнчө кыйынчылык. Спортто жүргөн кээ бир балдар бир-эки күн же бир жыл машыгып, мойнун жоонортуп алып «Мен мына залда машыгам, спортсменмин» деп бекер тамак жеп же дагы бирөөнүн кулагын сындыра коюп жүргөндөрдүр. Мына ошолор спортчулардын атын булгап коюушу мүмкүн. Мисалы, биз деле (ред- өзүн айтып жатат) спортчубуз. Азыр бир ишканада иштеп, экономикалык жагынан да, башка жагынан да көтөрүп атабыз», -дейт Исмаилов.
37 жаштагы Нурбек Исмаилов 2021-жылдын сентябрында «Ош-Тазалыкка» кайрадан жетекчи болуп дайындалган. Мунун алдында ал Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышып, кызматын тапшырган.
Кийин мандатын тапшырып берип, кайра муниципалдык кызматка кайтып келген. Исмаилов мандатын бир эле учурда депутат болуп, муниципалдык кызматта иштей албагандыктан тапшырганын билдирген.
Оставьте первый комментарий