Рим папасы бир жыныстуу катнашты колдодубу? Текшеребиз

27-январда Фейсбук социалдык тармагында Нурбек Саяк аттуу колдонуучу «Рим папасы бир жыныстуу катнашты колдоду» деген пост жарыялады. 

Анда «Дөөрүгөн чал. Эгерде ушул темпте барса христиандар дагы бири бири менен согушуусу мүмкүн. Рим папасы Франциск бачабастарды, кумсаларды ж.б.у.с. криминалдаштыруу бул адилетсиздик деп, тескери ойдогу эпископторду ЛГТБнын мүчөлөрүнүн укутарын сыйлоого чакырды», —  деп жазган.

Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрдү.

Ушул эле 25-январда Рим папасы Францисктин интервьюсу бир нече эл аралык ЖМКларда да жарыяланган.

«Эркин Европа “Азаттык” радиосу»  бул тууралуу AP news агенттигине шилтеме берип, Рим папасы гомосексуал болуу кылмыш эмес экенин айткан маалыматын жарыялаган. Мындан тышкары, «Рим папасы ЛГБТ+га каршы мыйзамдарды сынга алды» деп жазган.

60 тан ашуун өлкөдө криминал деп эсептелинет

The Human Dignity Trust укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 60тан ашык мамлекет гомосексуалдык мамилелерди криминал деп эсептесе, анын 11инде бир жыныстуулар үчүн өлүм жазасы коркунучу бар. Көптөгөн башка өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда гомосексуализм кылмыш катары эсептелбейт, бирок алардын мыйзамдары ЛГБТ+ өкүлдөрүнө карата куугунтукка, стигматизацияга жана зомбулукка көмөктөшөт.

AP news агенттиги Рим папасы Францисктин интервьюсун 26-январда жарыялаган.

«Кылмыш эмес, бирок күнөө»

Анда «Кудай өзүнүн бардык балдарын ким болбосун сүйөрүн айтып, мыйзамдарды колдогон католик эпископторун ЛГБТ адамдарды чиркөөгө тосуп алууга чакырды», — деп жазылган.

Ошондой эле, AP кабарчылары менен болгон маегинде Фрэнсис «Гомосексуал болуу кылмыш эмес. Бирок күнөө» деп айткан. Биринчиден «күнөө менен кылмышты ажыратууну» сунуштап, бири-бирине ырайымсыздык мамиле да күнөө экенин белгилеген.

Жыйынтык: Рим папасынын бир жыныстуу катнашты колдогону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ал ЛГБТ+га каршы мыйзамдарды сынга алган жана бул кылмыш эмес, бирок күнөө экенин айткан.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*