ТИМ Казакстанда тыюу салынган диний китептерди ал өлкөгө алып кирбөөнү эскертти

Тышкы иштер министрлиги Казакстанга баруучу жарандарды ал жакта тыюу салынган китептерди алып барбоого чакырды.

Казакстанда тыюу салынган адабияттарды колдонгон жана сактагандарга 350-400 миң теңге (6500-7000 сом) айып пул салынат.

Мындан улам, ТИМ коңшу өлкөгө барууну каалагандарга Казакстанда экстремисттик деп таанылган, басып чыгарууга жана жайылтууга тыюу салынган адабияттардын жана маалыматтык материалдардын тизмесин кылдаттык менен окуп чыгууну сунуштаган.

Мындай тыюу салынган китептердин тизмесин gov.kz сайтынан табууга болот.

Жарандар бул боюнча кызыккан суроолоруна Кыргызстандын Астанадагы элчилигинен: +7-776-124-88-33, Алматыдагы Башкы консулдугунан: +7-777-037-14-48, +7-705-548-97-87 номерлери аркылуу маалымат алса болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*