Мигранттар маалыматты кайдан алат?
Орусияда жүргөн мигранттардын басымдуусу маалыматты көбүнчө социалдык тармактардан алат. Алардын ичинен YouTube жана instagram. Ал эми whatsApp группалар жаңылыкты таратууда чоң роль ойнойт.
Айнагүл Орусиянын Москва шаарында иштегенине 13 жылга жакындап калды. Анын айтымында ал жакта жашап иштеп жүргөн кыргызстандыктардын басымдуусу маалыматты социалдык тармактардан алат.
«Билбейм мен келген жылдан бери эле телевизор көргөнгө такыр убакыт жок. Маалыматтын баарын социалдык тармактардан эле алабыз. Көбүнчө инстаграм менен ютуб. Анан ал жакта чыккан материал скринделип же шилтемелери whatsApp группаларда таратылат», — дейт Айнагүл.
Дагы бир маектешибиз мигранттарды көбүнчө өлкөдө жана акыркы убакта Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялар кызыктыра турганын белгиледи.
«Орусиянын телеканалдарын көп деле көрбөйбүз. Көбүнчө соц тармак болуп калбадыбы азыр. Күндөн күнгө социалдык тармактан бардык маалыматты табуу мүмкүнчүлүгү жогорулап кетип жатпайбы. Биз деле ошол агым менен бара жатабыз. Менимче бул жактагы мекендештердин көбү эле ошол 1 жылга жакындап калган орус-украин ортосундагы кандуу окуя жана өлкөбүздөгү ар бир окуялар кызык болот. Көбү эле маалыматтарды ютубдан көрүшөт», — дейт Гулбарчын.
Азиз Москвада такси кызматында 4 жылдан бери иштейт. Аны да көбүнчө акыркы убактагы орус-украин ортосундагы маалыматтар кызыктырат.
«Биз Орусияда жашап жаткандан кийин албетте бул жактагы саясий абал кызыктырат. Эртең эмне болуп кетет экен деп ойлойбуз. Көбүнчө радиолордон, ютубдан маалыматтарды билип турабыз. Бул жактагыларды радиолордон болсо, Кыргызстандагы жаңылыктарды ютубдан көрөм».

«Расмий сайттар окулбайт»
«Учурда Москвдагы кыргызстандыктардын баары же негизги бөлүгү жаңылыкты соц сеттен анын ичинде воцап группалардан алат. Ошондуктан көп учурда так маалыматпы же андай эмеспи ошонун айынан дүрбөлөңгө алдырып коюшат. Анан инстаграмдан кыскача алышып воцап группаларга таратып жайылтышат. Бул жактагыларды көбүнчө Кыргызстанда эмне болсо ошонун баары кызыктырат. Анын саясат өзгөчө. Экономика башка тармактар көп деле кызыктырбайт. Негизинен саясатка кирип алышкан. Президент эмне деди, Ташиев эмне деди ошону эле карап олтурушат. Анан Орусияда Фейсбук менен инстаграмдын чектелиши ошол убакта бир аз таасир тийгизди. Азыр эми баары эле VPN менен кирип колдонуп жатышат. Бул жактагылар атайын RBT, vesti.ru же Кыргызстандагы сайттарга кирип окубайт, башын да орутушпайт, баары эле социалдык тармактардан алышат», — дейт Азамат.
«Телеканалдарды бул жакта деле жаштар көрбөйт. Мигранттар көбүнчө социалдык тармактардан маалымат алышат. Азыркы мигранттар мындан 20 жыл мурункуга караган кыйла билимдүү. Маалыматты аңдап, тараазалап анан кабыл алышат. Көбүнчө мекенде болуп жаткан ар бир жаңылыкты өткөрүп жиберишпейт. Жакшысына кубанат. Анан эми акыркы учурдагы Орусия менен Украинанын ортосундагы окуялар, аларга мигранттардын тартылуусу боюнча окуяларды, жеңилдетилген жарандык боюнча расмий ЖМКлардан чыкпай эле турат. Анан азыркы 21 кылымда кайда, кайжерде болсоң да маалыматы издеп таап, анализдегенге мүмкүнчүлүктөр көп. Ал эми ар бир адамдын өзүнөн», — дейт Чыңгыз Ысманов.

«Кыргызстандык эмгек мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Көп жылдардан бери жашап, жарандык алгандар да бар. Албетте коом, чөйрө таасир этет: мигранттар өздөрү жашаган чөйрөнүн маалыматына сугарылат. Азыркы санарип доордо фейк, манипуляция, пропаганда абдан көп. Айрыкча сөз эркиндиги абдан чектелип жаткан орус медиасында. Көпчүлүк адамдар маалыматты талдап, чын-төгүнүн аныктап отурбайт. Өзгөчө жумуштан колу бошобогон эмгек мигрантынын буга убактысы деле болбойт. Фейктер, троллдор азыр максаттуу түрдө коомдун медиасабатсыз бөлүгүнө таасир эткидей жалган маалыматтарды таратып жатышат. Узак убакыт манипуляцияга, пропагандага сугарылгандар чындыкты кабыл ала албай калышат. Мисалы, Орусиянын Украинага баскынчылыгын биздин эле мигрант-мекендештерден колдоп пикир жазгандар болуп жатпайбы. Бул бир тараптуу маалыматтын, пропаганданын таасири.Эркин медиаларды куугунтуктоо, жабуу пропаганданын, манипуляциянын кеңири жайылышына жол ачат. Мигранттардын, деги эле жалпы адамдардын медиасабаттуулугун арттырууга багытталган аракеттер, долбоорлор керек. Анан да эркиндиктин руху керек», — дейт медиа адис Гүлзат Газиева.
Пропаганда деген эмне?
Пропаганда латын тилинен которгондо «жайылтуу», «таратуу» дегенди түшүндүрөт. Жалпысынан, пропаганда — идея, көз карашты же бир тараптуу (субъективдүү) пикирди коомдо калыптандыруу максатында жайылтуу болуп эсептелет.
Түрдүү соц тармактар аркылуу белгилүү бир идеяны позитивдүү жана негативдүү жайгаштырып, өз каалоосуна байланыштуу коомдук пикирдин жаралышын максат кылган иш-аракет жана демилге.
Пропаганда белгилүү бир чөйрөдө же жаатта болушу мүмкүн. Ошондой эле бардык өлкөнү кучагына алган пропагандалык иш-аракет да болушу мүмкүн. Пропаганданын бул түрү кансыз согуштун эң керектүү куралы болуп саналат. Айрыкча пропаганданын көбөйүшү жана анын түрдүү ыкмаларга карай жайылтылуусу коомдун мээсин айландырууга түрткү болот. Мындайча айтканда, пропаганданын күчү менен адамдар аңдабастан туруп кандайдыр бир идеяны колдошот же кандайдыр бир нерсени окшош көз караш менен көрүшөт.

Медиа адистер белгилегендей, орус пропагандасы мурдатан эле болуп келген. Бирок, ошол эле учурда анын алдын алып дүйнөлүк маалыматтарды кыргыз тилинде берүү менен тең тайлашуу жүрбөй жатат. Акыркы убактардагы маалыматты соцтармактан алган учурда бул абдан маанилүү экенин белгилешет.
«Негизи эле орус пропагандасы пропаганда боюнча эле келе жатат. Өткөн жылдын 24-февралынан кийин такыр эле күчөдү. Мамлекеттик маалымат саясаты такыр башка нукка өттү. Ошонун таасиринен мурдатан болуп келген пропаганда элге андан да күчтүү таасир этип атат. Элдин арасында алтернативдүү маалымат алуу бар. Бирок, аз. Анткени биз көп маалыматты орус тили аркылуу алып жатпайбызбы. Ошондуктан бир мамлекеттин экинчисин басып алганын туура деп эсептегендерди арабызда кезиктирип жатабыз. Эмне үчүн андай болууда? Анткени бул — маалыматтын пропагандалык негизде келип жатканынан келип чыгууда деп эсептейм. Биздин бийлик, элди манипуляция кылууга жол бербеш керек болчу. Дүйнөлүк маалыматтардын басымдуусун бир гана орус тили менен көрбөстөн, кыргыз тилинде туура, так жайылтууну колго алуу керек. Жашоону соц тармактарсыз элестете албаган заманда ар бирибиз маалыматтарды талап анализ жүргүзүп кабыл алганга өтүүбүз кажет», — дейт журналист Асанбек Каракозуев.
Учурда соц тармактар маалымат алуунун эң негизги булагына айланган. Ошол эле, учурда аны чектөө мүмкүн эмес. Ондогон социалдык тармактарда түрдүү маалыматтар жайгаштырылат.
Биздин маектештерибиз белгилегендей, жаңылыкты окуу жана анализдөө ар бир окурмандын өзүндө. Эгер ар бир алган маалыматыңызды таратаардан мурун бир нече булактардан карап чыгуу да анын канчалык чын же жалгандыгын, пропаганда эместигин билүүгө жардам берет.