
Ошто боорго операция жасаш үчүн бейтаптан 25 миң сом алган дарыгер акчаны кайра кайтырып берди. Бирок бейтаптын жакындары УКМКга жазган арызын кайтарып албай, акырына чейин күрөшөбүз дейт.
Ош шаарынын тургуну Абдижапар Аккулов жакын тууганынын операциясы үчүн дарыгерлер 25 миң сом алышканын «Т-Медиага» билдирди. Айтымында, Ош облустук ооруканасынын Таракалдык бөлүмчөсүнүн башчысы менен Марат аттуу дарыгер бейтаптын бооруна операция жасап, акчаны анын энесинен алган. Аккулов дарыргерлердин акча алуусуна каршы чара көрүлүшү керек дейт. Мындан улам ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине арыз менен кайрылган.
«Шаардан сыртка чыгып кеттим эле. Ооруканадагылар мени менен байланыша албай, 80ге чыгып калган энебизди чакыртыптыр. 20 миң сом берейин десе, «Жоок, ал арзан болуп калат. Кайталанып операция жасалып жаткан үчүн сизден 25 миң сом эле алалы» деп ушундай бир наадандык менен сураганы мени кейитти».
Абдижапар Аккулов бул окуя боюнча социалдык тармактагы баракчасына да билдирүү жазган. Интернет колдонуучулары «дарыгерлер акча бермей сайын сапаттуу тейлөө көрсөтүшпөйт» деген комментарийлерди калтырышкан.
Акча алды делген дарыгер Марат Маткасымовду издеп Ош облустук ооруканасына бардык. Бирок ал иш ордунда жок болуп чыкты. Телефон аркылуу байланышканыбызда өзү кайтарым байланышка чыгарын убадалап, телефонду өчүрүп койгон. Бирок кийин байланышкан жок. Бир канча ирет телефон чалганыбыз менен мындан майнап чыкпады.
Мамлекеттик кепилдиктер программасында операция үчүн эң арзан дегенде 430 сом, максималдуу көп болгонда 3440 сом төлөйт деп жазылган. Бул жерде 25 миң сом тууралуу эч кандай маалымат жок. Бул өкмөттүн он жыл алдын чыккан токтомунда бекитилген.
Акча алуу мыйзамдуубу?
Дарыгерлердин операция акысына акча алуусу мыйзамдуубу? Ооруканада эмне себептен мындай иштер орун алууда? Бул суроолор менен оорукананын директорунун орун басары Каныкей Мамыровага кайрылдык. Ал акча төлөнүүчү жана акысыз көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу тактайчаларда маалымат жазылганын билдирди. Бирок жарандар аны окубайт дейт. Дарыгерлердин сураган суммасын накталай түрдө колуна бербей, кассага төлөө керектигин кошумчалайт. Ал эми Марат Маткасымов боюнча териштирүү болорун, эгер акча алганы далилденсе чара көрүлөт деп ишендирди.
«Негизи дарыгер ушундай кадамга барса, комитетте каралып эскертүү берилет. Эгер, дагы эле ошол кайталана берсе сөгүш берилет. Үчүнчүсүндө жумуштан кетет. Бул окуя териштирилет. Факт аныкталып, дарыгер күнөөсүн мойнуна алса, тиешелүү чараларды көрөбүз. Алдын ала ушундай болот деп эч нерсе айта албайм», -деди Мамырова.
Бул окуя боюнча териштирүү иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде дагы башталды.
Ооруканаларда алгачкы жардам, наркоз, 16 жашка чейинки жарандарга жана медициналык камсыздандыруусу бар жана башка категориядагы жарандарга акысыз кызматтар көрсөтүлөт. Бирок дарыгерлер арасында операция үчүн акча алган үчурлар коомчулукта байма-бай айтылып, буга айлыктын аз экендиги себеп катары көрсөтүлүп келет. Өкмөт ак халатчандардын айлыгын көтөргөн менен маселе чечилбей жатат.
Оставьте первый комментарий