Президент Баткенде үй куруп жаткан «Аманат инвест» компаниясы жана Каныбек Туманбаев тууралуу интервью берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Баткенде үй куруп жаткан «Аманат инвест» компаниясы тууралуу маалымат берген.

Анда Садыр Жапаров, «Каныбек – мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү. “Бир тыйын болсо да мамлекеттин акчасы үнөм болсун” деп турган кызматкерлердин бири. Ал эми  “Аманат инвест” компаниясы – Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, бир тыйын пайда кошпой, кагаз иштерин бүтүрүп жаткан компания», — деп атаган.

«Былтыр сентябрь айында Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти. Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 500 000 сомго курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы: “Ар бир үйгө 5 500 000 кетет деген бул өтө кымбат. Ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин бул сметасы мага жаккан жок. Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы”, деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 300 000 сомдон акча кетет экен. “Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула”, деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 200 000 сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 200 000 сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар: “Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат” деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты», — деп айткан президент.

Ошондой эле, ЖМКларда чабуул болуп жатканда «мамлекеттин миллиарддаган акчасын жедирбей, дагы кимдин оозунан жулуп алышты экен» деп экинчи жагын да ойлогонду унутпагыла деп кошумчалаган.

«Биз азыр мамлекеттик каражаттарды уурдатпаганыбыз үчүн бүгүнкүдөй аскерий жана башка техникалар сатылып алынып жатат. Мектеп, бала бакча, асфальт жолдор, темир жолдор салынууда. Ипотека аркылуу үйлөр курулууда. ГЭСтер, завод-фабрикалар курула баштады», — деген.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында чек ара чырында 420 турак жай толугу менен талкаланып, өрттөлгөн. Бийлик ал үйлөрдү башынан курууга тендер жарыялаган. Ага 7 компания катышып, «Аманат курулуш инвест» компаниясы утуп чыккан. Тендердин жалпы суммасы 1,3 миллиард сом, ар бири 3 миллион 315 миң сом деп бааланган. Компания баарын эки айда кышка чейин бүтүрүүнү убадалаган. Бирок арадан 4 ай өтсө да, үйлөр толук бүтө элек. Белгиленген мөөнөттө болгону эки турак жай гана бүткөрүлгөн.

30-январда Спутник Кыргызстан агенттиги «Аманат курулуш инвест» компаниясы 20 жаштагы студенттин башкаруусунда экенин, анын президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен байланышы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*