
Долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен киргендей кылам. Бул тууралуу президент бүгүн, 1-февралда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде айткан.
«ОСАГО боюнча айта турган болсом, бул автомобилдерди камсыздандыруу долбоору 2015-жылы эле башталган иш экен. Баарын териштирип көрүп, долбоорду жылдырдык. Азыр чийки. Анан да бул долбоорду мамлекет өзү колго алыш керек. Эч кандай жеке жактарга бербеш керек. Эл азыр жеке жактарга ишенбейт. Кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнүшөт. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен киргендей кылам. Себеби бул долбоор негизинен элге пайдалуу эле долбоор. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында автомобилдер камсыздандырууда турат. Болгону камсыздандырууну туура, адилеттүү, калыс иштетиш керек. Эрежелерин толук иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Жакшы иштеп кетсе, балким, кийинчерээк жеке жактарга дагы уруксат берсек болот. Элге тандоого мүмкүнчүлүк болот. Автоунааларын мамлекеттик компанияда камсыздандыргысы келеби же жеке компаниядабы. Атаандаштык болуп турат», — деген президент.
Быйыл 1-январдан тарта ар бир жаран унаасы үчүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алсын деген мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, полиси жоктор 1-апрелден баштап айыпка жыгылып, жоопко тартылмак болгон.
Парламенттин 25-январдагы жыйынында депутаттар унааларды милдеттүү камсыздандырууну 2025-жылга чейин жылдырып турууну сунуштаган.
Анда төрага Нурланбек Шакиев эл өкүлдөрүнө жооп берип, маселе президент менен талкууланып жатканын, оң жыйынтык болоорун айткан. 26-январда унаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн жарандарга айып пул салуу мөөнөтү жылдырылганы, бирок кайсы мөөнөткө чейин экендиги ачыкталган эмес.
Оставьте первый комментарий