Соцтармакта сиздин атыңыздан фейк аккаунт ачылган болсо эмне кыласыз? Анын кооптуулугу

Соцтармакта бирөөнүн атынан башка эле адам баракча ачып, аны түрдүү маалыматтарды таркатууга колдонуусу кадимки эле көрүнүш боло баштады. Көпчүлүк учурда, мындай аккаунттар адамдын оюн бурууга пайдаланылат.

Эгер сиздин атыңыздан бирөө соц тармакта фейк аккаунт ачып, аны кадимкидей эле жүргүзүп жатса эмне кыласыз? Төмөндө бул тууралуу түшүндүрүп беребиз.

Мындай аккаунттар эмнеге кооптуу?

Айрымдар мындай учурга туш келсе да ага маани бербей коюшу мүмкүн. Бирок, бул туура эмес. Мисалы, сиз коомго же чакан бир топко белгилүү инсансыз. Сиздин пикирлериңиз чөйрөңүзгө маанилүү. Эгер дал ушундай адамдын атынан фейк аккаунт ачылса, ал баракча сиз тууралуу же башка бир коомго жана сиздин чөйрөңүзгө таанымал адам тууралуу элдин пикирин оң же терс тарапка өзгөртүүгө колдонулушу мүмкүн.

 

«Бул материал «Фейк контроль» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*