Өзгөн: убактылуу кармоочу жайдагы эки шектүү милиция тарабынан кыйноого кабылганын билдирди

Сүрөт: Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Өзгөн милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган эки адам ур-токмокко алынганын билдирди. Бирок райондук прокуратура бул факты боюнча иш козгоодон баш тарткан.

Эки кишинин ур-токмокко алынганы боюнча маалымат борборго 12-декабрда келип түшкөн. Кызматкерлери жерине барып, жабырлануучулар менен сүйлөшкөн.

«Алардын биринин башынан жана бетинен көк ала тактар ​​табылган. Аларды милиционерлер күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн бир нече жолу ур-токмокко алган. Борбордун кызматкерлери эртеси дагы бир жабырлануучу менен жолугушкан. Анын мурдунда, далы жана санында көгала тактар ​​бар экени аныкталган. Ал өзгөчө кабыргасы ооруп жатканына даттанган. Тез жардам кызматкерлери ага рентген-изилдөө жүргүзүшүп, кабыргалары жабыркабаганы белгилүү болду», -дейт борбор. 

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору бул фактылар боюнча Өзгөн райондук прокуратурасына кат жөнөткөн. Бирок көзөмөл органы кылмыштын курамы жок болгондуктан иш козгоодон баш тарткан.

Милиция эмне дейт? 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы борбордун айткандарын төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин сөзүнө караганда, шектүүлөр бири-бирин уруп, жоопкерчиликтен качуу аракетин көрүшкөн.

«Урду делген шектүүлөр былтыр декабрь айында ыплас аракеттери боюнча шектелип кармалышкан. Аларды милиция кызматкерлери урган эмес. Өздөрү жоопкерчиликтен качыш үчүн отурган жериндеги видеокамераны тескери каратып буруп, бири-бирин урган. Анан «бизди милициялар урду» дешип атайын провакация кылышкан. Ички иликтөө кызматы материалдарды прокуратурага өткөрүп берген. Алардын сабалганы тастыкталган жок», -дейт Аширбаев. 

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов иш козгоодон баш тартылганын «Т-Медиага» тастыктады.

«Арыз ээси прокуратуранын чечимине макул болбосо, Кылмыш-жазык кодексинин негизинде Башкы прокуратурага арызданса болот. Мыйзамдуулугуна баа берилет». 

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*