
Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгүнө нааразылычык көп экенин билдирди. Ага Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жашоочулары кайрылып, таза суу чыгарууга бөлүнгөн акчанын дайынын тактап берүүнү суранышкан.
«АРИСтин жасаган иштерине эл тарабынан нааразычылык күчөдү. Эң негизгиси таза суу программасы боюнча болууда. Мага кайрылгандар «Бир канча көп суммадагы каражаттар бөлүнөт. Бирок аягы жок, каяка кетип жатат? Эмне иш кылып жатышат?» деп сурашууда. Мисал катары айтсам, бүгүнкү күндө Баткен облусуна мамлекет башчыдан баштап карапайым калкка чейин аябай көңүл бурулуп жатат. Баткендин Сүлүктү шаарчасынын жашоочулары «Таза суу программасы боюнча 220 млн сом бөлүнгөн. Бирок аягына чейин таза суу чыккан жок» деп кайрылышты (депутатка кайрылышкан). Бөлүнгөн акча кайда экен белгисиз деп жатышат. Алмаз Акунжанович, ушундай нааразычылыктар Кыргызстандын башка аймактарында да аябай көп. Урматтуу төрага, АРИСти парламентке чакырып, ишмердүүлүгүн, акыркы беш жылда эмне иш кылганын тактайлы. Элге баяндама берип коюшса жакшы болмок», -деди Өмүрзаков.
АРИС – Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги, ал эл аралык донор уюмдар менен кызматташып, аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүп келет.
Оставьте первый комментарий