Жалал-Абад: прокуратура окуучулардын олимпиадасындагы коррупцияны текшерет

Жалал-Абадда окуучуларды республикалык олимпиадага жиберүүдө райондук, облустук турлар коррупциялашып кеткен. Мындай пикирин президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев коллегиялык жыйында билдирди. 

«Окуучулар арасында райондук, облустук олимпиадаларды уюштурасыздар. Ушул боюнча былтыркы жылдан бери бизге кайрылуулар келип жатат. Ушуну коррупцияга айландырып алгансыздар. Жыйынтыгын өзүңүз караңыз, 35 бала республикалык олимпиадага жиберилип 1 гана бала биринчи орунду алган. Сиздер тааныш-билиш кылып, акчасын алып орундарды берип коюп жатасыздар» — деди Сыргабаев.

Жыйында президенттин облустагы өкүлү бул маалыматты териштирүүнү прокуратурага тапшырды.

«Райондор аралык олимпиадалардын сынагы жакында эле өттү. Анын жыйынтыгына нааразы болгон кээ бир ата-энелер, окуучулар кайрылып жатат. Бүгүн коллегияда бул маалыматты иликтөө үчүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн башчысы облустун прокуроруна тапшырма берди. Олимпиадада мыйзам бузган аракеттер болгонбу же жокпу иликтенсе, анан белгилүү болот», — деди Президенттин Жалал-Абад облусунда ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев.

Былтыр Жалал-Абадда 35 окуучу олимпиадага жиберилип, 2 бала экинчи, экөө үчүнчү, бир окуучу биринчи орунду алган. Жыйынтыгында өлкө боюнча облус төртүнчү орунду ээлеген. Жалал-Абадда жалпы 484 мектеп бар.

йо

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*