Ош: бажы терминалы жол тыгынын күчөттү

Ош шаары, Манас-Ата-кичи району. 01.02.2023. Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарындагы Манас-Ата аймактык башкармалыгынын негизги жолдору унаа тыгынан бошобой жатат. Жолго оор жүк ташуучу унаалардын массалык түрдө кириши автотыгын жаратууда. Буга бажы терминалынын ХБКга жылгандыгы себеп экендигин айдоочулар айтышат.

«Тикток» тиркемесинде Ош шаарынын Манас-Ата аймактык башкармалыгында унаа тыгыны көп болуп жаткандыгы айтылган видео тараган. Анын себеби катары бажы терминалынын ушул аймакта иштей баштаганы белгиленген. Биздин редакция чындыгында унаалардын узун кезеги жаралып жатканын жеринен көрүп келди.

Ош шаарынын Манас-Ата кичи району

Көчөнүн баш-аягы унаалардын тыгыны экендигин айткан оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бажы терминалынын Каратай айылынан Оштун Манас-Ата аймактык башкармалыгына жылганына нааразы. Алар терминалдын аянты аз болуп, анын ичинде унаалар да жүрө албай калат дешет. Мындан сырткары шаардын ички жолдорунда тыгын көп болуп жаткандыгын айтышууда.

«Жол тыгынын чечиш үчүн терминалды кайра Каратай айылына жылдырыш керек. Ал жак тынч эле. Эмнеге көчүрүштү билбейбиз. Азыр эми жол тыгын, шаарга кириш да кыйын болуп жатат. Ал эле эмес терминалга кирип, унааларды кайра буруп чыгыш да оор. Ичинде орун жок, жык автоунаа. Батпай калганы чоң жолдо турат. Албетте, бул тыгынды, жол кырсыгын жаратат», -дейт айдоочу Эсенбай Самиев. 

«Терминалдын Каратайда болгону жакшы эле да. Бир тарабынан кирип, экинчи жагынан чыгып кетчүбүз. Жаңы көчүрүп келген жайга деле кичине шарт түзүмүш болушуптур. Бирок жакшы эмес. Ичкери кирсең бош орун жок. Жүк түшүрө албайсың. Түшүрүп алсаң кайра жүктөй албайсың», -деди дагы бир айдоочу Тыныбек.

«Эркечтамдан келгенден кийин биз каяка келип токтошубуз керек? Унаа токтотуучу жай кылып берсе ошол жакка кирмекпиз. ХБКга келсең машина толуп турат. Анан каяка токтошубуз керек?», -деп суроо салды айдоочу Бахтияр Камалов.

Айдоочулардын арыз муңу орундуу экендигин мындагы унаа тыгынынан байкаса болот. Негизги жолдо жок эле дегенде беш оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. Алардын айтымында, жүктү бул жайга алып келе башташканына 10-15 күн болду. Кара-Суу районунун Каратай айылындагы бажы терминалы жабылып, анын ордуна ушул жай иштей баштады. Аны көзөмөлдөгөн Бажы кызматынан эмне себептен терминал жылдырылгандыгын, айдоочулардын дооматына кандай жооп беришерин билүүгө  аракет кылдык. Бирок күзөтчүлөрү каршылык көрсөтүштү.

Бажы кызматы дооматты төгүндөдү

Түштүк-Батыш бажысы айдоочулардын дооматын четке какты. Мекеменин жетекчиси Улан Муратовдун сөзүнө караганда, Каратай айылындагы бажы терминалы менен Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы терминалдын жер аянты бирдей. Ал эми аны жылдырууга транзиттик жүктөрдүн өлкөдө калып калуу коркунучу жаралгандыгы боюнча маалымат келип түшкөндүгү себеп болгон.

«Бул жактан транзит болуп кете турган товарлардан эч кандай төлөмдөр алынбайт. Эгерде ошолорду Кыргызстанга алып же бажы биримдигинин аймагында кала турган болсо, төлөмдөр алыныш керек. «Транзит деп Кыргызстанга жүгүн калтырып коймок болгон» деген ыкчам маалыматтар келип түштү. Ошондуктан ушундай тобокелчиликтерди азайтыш үчүн «Достукка» жакыныраак, коштоп жүргөнгө ыңгайлуураак жерге көчүрүп жатабыз. Жол тыгыны мындан ары да улана бере турган болсо, башка жерге жылдырганга жетекчиликке кайрылабыз», -дейт Муратов.   

Сөз болуп жаткан эки терминал жеке менчикте. Мамлекеттик бир дагы бажы терминалы жок. Бажы кызматы мамлекетке караган терминалдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Эске салсак: Кыргызстанга Кытай өлкөсүнөн күн сайын 200дөн ашуун жүк кирип, Өзбекстандан 180ге жакын автоунаа жүк алып чыгат. Ошко мындан сырткары Бажы биримдигине кирбеген башка мамлекеттерден да жүк кирет. Манас-Ата аймагындагы бажы терминалына негизинен Өзбекстанга кетүүчү транзиттик жүктөр түшүрүлөт.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*