
Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова кызматтан бошотулуп, анын ордуна Нурбек Кадыров дайындалды. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Аппарат жетекчиси кызматына Азат Кубатбек уулу келди. Ал буга чейин Чүй райондук администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Аппарат жетекчиликти буга чейин башкарып келген Камчыбек Досматов өз арызы менен кызматтан кеткенин 9-январда жарыялаган. Бирок мэрия муну ачыктаган эмес.
Ош мэриясынын басма сөз кызматын Жумамидин Сулайманкулов жетектээри белгилүү болду. Ал буга чейин шаардык бийликтин социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп жаткан.
Ош мэриясында социалдык тармак боюнча вице-мэрлик кызмат дээрлик үч айдан бери талашка түшүп келген. Социалдык тармакты караган вице-мэрдин орду интернетте да талкууланып, эки түрлүү пикирдин кагылышы жаралган. Мындан дагы негизгиси — мыйзам аткарылбай, бул ишке прокуратура да аралашкан. Венера Рыскулова бул кызматка 2021-жылдын сентябрында дайындалган.
Ошто вице-мэрлик кызмат үч айдан бери талашта. Мэрия эмнеге мыйзамдын талабын аткарбай жатат?
Оставьте первый комментарий