
Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматына сынак жарыяланды. Бул тууралуу 2-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Министрлик кабарлагандай, филармониянын директорлук кызматы азыр бош. Сынакка катышуу үчүн айрым квалификациялык талаптар коюлат:
«Маданият жана искусство» багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы эки жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш стажы үч жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын өнүктүрүү программасы;
- резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- кадрларды эсепке алуу баракчасы;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтерди папкага тиркеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 13-февралга чейин тапшыруу керек.
Былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Оштогу филармониянын абалы тууралуу айтып, аны 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан Гүлшайыр Садыбакасованын кызматын кароо керектигин белгилеген. 9-декабрда Садыбакасова эл өкүлүнө соцтармак аркылуу жооп берген. Анда ал кылган эмгектерин белгилеп, депутаттын сөзүн жалган жалаа деп атаган.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Садыбакасованын айткандарына жооп берип, филармониянын абалы тууралуу маселе элдин пикиринен улам көтөрүлгөнүн кабарлаган.
Гүлшайыр Садыбакасова Ош филармониясын 2000-жылдан бери жетектеп келген.
Оставьте первый комментарий