
Баткенде 35 үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн өлкө башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев үйлөрдүн ачкычын тургундарга тапшырган. Андан сырткары, президент Садыр Жапаровдун атынан үйдүн кожоюндарына 100 миң сомдон акчалай белек берилген.
Бир апта ичинде дагы 15 үйдүн курулушу аякташы күтүлүүдө.
Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында чек ара чырында 420 турак жай толугу менен талкаланып, өрттөлгөн. Бийлик ал үйлөрдү башынан курууга тендер жарыялаган. Ага 7 компания катышып, «Аманат курулуш инвест» компаниясы утуп чыккан. Тендердин жалпы суммасы 1,3 миллиард сом, ар бири 3 миллион 315 миң сом деп бааланган. Компания баарын эки айда кышка чейин бүтүрүүнү убадалаган. Бирок белгиленген мөөнөттө болгону эки турак жай гана бүтүп, элдин нааразычылыгын жараткан.
30-январда Спутник Кыргызстан агенттиги «Аманат курулуш инвест» компаниясы 20 жаштагы студенттин башкаруусунда экенин, анын президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен байланышы тууралуу иликтөө жарыялаган.
Оставьте первый комментарий