
«Апамдын махабаты» сериалынан кийин элге таанылган актриса, коомдук ишмер Айжан Акылбекова менен маек куруп, жашоого болгон көз карашы, учурдагы жасап жаткан иштери тууралуу сүйлөштүк.
Айжан айым, саламатсызбы. Ошто жана Жалал-Абад шаарларында эки күндөн бери жүрөсүздөр. Сапарыңыздар эмнеге багытталды?
— Ош, Жалал-Абад шаарларында бир канча жылдан бери окутуп, сабак үйрөтүү максатында келип жүрөбүз. Кудайга шүгүр. Сабактарыбызга келген элдер сөзсүз эле дин чөйрөсүндө жүргөн адамдар эмес, жөнөкөй эле жоолугу жок жаштар, жашы улгайган апалар, каалоочулар келип жатышат. Менимче бул нерсе билим алуу, агартуу деген процесстер кайра жандануусунан кабар берип жатат деп үмүттөнүп жатам.
Азыр коомчулукта, социалдык тармактарда жана практика жүзүндө кантип акча табуу керек? Кантип үйдө олтуруп акча табуу керек деген курстар, мотивациялык жолугушуулар көп болуп жатат. Аларга көз карашыңыз кандай?
— Адам табиятынан бир нерсенин үстүндө ой жүгүртүп, аны үйрөнүп, максат коюп ошого умтулуп жашайт. Эгерде ислам талаптарын биз бул жашоодо агартуучулук таризде адамдарга жеткиликтүү маалымат аркылуу, жеңил, аларга оор көргөзбөгөндөй кылып жеткирип алсак жакшы. Бирок жеткире албасак, жашоо стандарттарына туура келбеген бир жалган аныктамалар менен жашап калып, ал адамзаттын өсүүсүнө, адамзаттын тукумунун уланышына жана адамзаттын гармонияда жашоосуна терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Илим алуу дегенди сөзсүз эле маалымат алуу менен чектебеш керек. Мен жасай алдым, сен дагы жасай аласын деген пикирге кошулбайм. Анткени ар бир адамдын өзүнүн мүмкүнчүлүгү бар. Мүмкүнчүлүк дегенде сөзсүз эле материалдык бир баалуулуктарды көзгө тутпайбыз. Мүмкүнчүлук тажрыйба аркылуу болушу мүмкүн, байланыштар мүмкүнчүлүк болуп бериши мүмкүн. Бирок, билимиң, ой жүгүртүүң, анализдөөң сыяктуу нерселер менен окшош эмессиң. Ошондуктан мен бай болдум, сен да бай бол деп бирөөгө кепилдик (гарантия) берип илим үйрөтүү туура эмес нерсе деп эсептейм.
Бул сыяктуу окутуу, курстарды дээрлик каалаган адамдын баары эле өткөрүп жатат. Көзөмөл керекпи же адамдар убакыт, кандайдыр бир этаптан өткөн соң өздөрү иргеп калат деп ойлойсузбу?
— Негизи эми дин жаатында айтсам, менин оюмча динди сүйлөп жаткан адамдарды аттестациялаш керек. Кимдин билими бар? Илим алып жүрөбү? Устазы ким? Анкени мен диндемин, менин намазым бар деп эле сүйлөй берген туура эмес. Кээ бир илим алып жүргөн, илим изилдеп жүргөн адамдын сүйлөгөнү жакшыраак болот. Устаз карманса, балким ошо устазы баш-көз болуп, анын айтканы туура эмес болуп калды, мунун айтканы туура деп турганы туура болот деп эсептейм. Бирок сиз айткан коучтарды жана мотивация берүүчү мотиваторлорду көзөмөлдөө бул адам укугуна тиешелүү маселе болуп калат. Биздин светтик өлкөдө эч ким-эч кимге бир нерсени кыл же кылба деп айта албайт. Адам негизи жашоосуна эмне керек, эмне туура келбейт маалымат чогултуп, өзү иргейт? Бирок ушул нерседе биз адамдар уттуруп коюп жатабыз. Эмнеге дегенде биздин жашообуз кыска. Ошого биз жашообузду ушинтип экспремент кылып эле өткөрүп жиберип алып жатабыз деп айтканы аракет кылам. Бирок канчалык аракет кылып жатам,билбеймин. Кыска жашообузду экспремент кылбай, даяр бир эрежелер бар ошолорду колдонуп көрбөйлүбү. Азыркы жашоо образыбызга ылайык кийинип, светтик билимибизди алып жашоо туура. Бирок өмүрүбүздүн өзөгүн ошо жаратканыбыз көргөзүп бергендей эле бир стандарттар менен эле жашасак болот деген нерсени жеткизгим келет.
Билим эмнелерден куралат жана кандай адамды биз билимдүү деп сыпаттасак болот?
— Светтик жаатта докторлукту жактаган, профессорлук деңгээлге жеткен адамдар өзүнүн философиясын жакшы түшүнөт, социология, политологиясын жакшы түшүнгөнү бир жааттуу болот. Ал эми дин илиминин башкалардан айырмасы эмне десеңиз бул-факихтер ислам жаатындагы аалымдар ушул кесиптердин акырындан изилдеп көрүп анан жооп берет. Мисалы, стоматологиялык же гинекологиялык суроо бериши мүмкүн дегенде, алар менин оюм ушундай деп эле өзүнүн оюна же тажрыйбасына таянып эле сүйлөй бербейт. Алар үстүрттөн болсо да ошол кесипти изилдеп көрүп диндин куран, сүннөттөрүнө эрежелерирне салып өкүмдөрдү чыгарып берет. Ооба, билимдүү адам деле, динди тааныган адам деле тайыз болушу мүмкүн. Пенде күнөөкөр болот, пенде күнөө кетирет. Бирок билимден мурда адеп көрүнөт дейт биздин динибизде. Ал сени сыйлап, урматтап турса адеби бар экен, тарбиясы бар экен деген ой калат эмеспи. Балким, адеби менен илими кошулган адамды ээрчисек болот.
Бала тарбиялоодо коомчулукта эки башка пикир бар. Бири баланы убактысы келгенде уруп койсо болот, токмоктоп койсо болот жана үйдө ата башчы, анын айтканынан чыкпаш керек дейт. Ошол эле бала үчүн баары курман болсун деген багытта кайчылаш пикирлер бар. Мындай жагдайда сиз кайсы тарапка кошуласыз?
— Ушул боюнча бир көрүнүктүү дин аалымынын мындай деген сөзү бар «Шариятта жазылбаган үч эреже бар. Бирок ушу эреже ушул динди кармап турат. Алар: жашаган коомдун тили, жашаган коомдун кийими анан каада-салтты». Динди жеткирүүдө башка бирөөнүн маданияты менен эмес кыргыздын маданияты менен жеткирсе болот. Анан бала тарбиясында дагы өтө мыкты педагогикалык усулдар бар кыргыздарда. Улуу адамдар келмейинче дасторконго отурбайсың, тамагыңды жеп бүтсөң дагы улуу адам туруп кетмейин турбайсың, тамактын алдына олтураарда колуңду жууп, кургатып келип жейсиң дасторкондун үстүндө нан эмес ушундай күкүмгө шүгүрчүлүк менен мамиле кыласың деген абдан сонун нерселер бар. Атанын баш кийимин тебелеп кетпе деген сыяктуу укмуш сонун педагогикалык усулдар бар. Бирок баланы жашоонун борбору кылып алыш туура эмес көрүнүш. Анткени жашоо ушундай нерсе экен, сенин колуңда жараткан мүмкүнчүлүк берип, материалдык баалуулуктар байлык болуп калышы мүмкүн. Баланы эч нерсеге кем болбой жашайсың деп сен баланы ошол абалга көндүрүп алышың мүмкүн. Бирок, баягы байлык бир күнү жок болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бала кыйнчылыкка даяр болуп чоңоюш керек, анан жүрөгүн жараткан менен байланыштырып коюш кажет.
Элдин арасында кыргызчылык жана мусулманчылык деген да түшүнүк бар. Алар кайсыл жерден айырмалап, кайсыл жерден аралаштырып айкалыштырыш керек сиздин оюңузча?
— Адамдар кудайдын алдында тарактын тиштериндей бирдей деп айтылат. Бизде ушул бөлүп жаруу, уруштун сөзүн сүйлөө деген нерсе адамдар өздөрү эргип чыгарган нерседей сезилет да мага. Адам өзүнүн жашоосун оңдоп-түзөө менен алек болушу керек болуп жатат.
Азыркы күндө аялдар зомбулукка көбүрөөк кабылган окуялар катталууда. Сиздин оюңузча аялдын, эркектин оорду кандай болушу керек?
— Негизинен коомубузда токсон пайыздан ашуунубуз мусулманбыз. Бирок, бизде дин илими жетишсиз болуп жатат. Аял менен эркектин өзүнүн орду бар. Кимиси жогорураак турат десек… Анда кудайдын алдында такыбалар гана бийигирээк турат. Ал эми такыбалар илимден куралат жана эркиндик деген нерсе биздин динибизде да бар.
Адамдар дайым алдыга унтулуп, аракет кылып жашаш керекпи же бар нерсеге шүгүр кылып жашоо туурарак болобу?
— Байлык-бийликке келгенде динде биз өзүбүздөн төмөндөрдү карап жашашыбыз керек. Ал эми илим жаатына келгенде бизден өйдө турган билимдүүлөргө карап жашаганыбыз жакшы.
Сиз кыргыз коомчулугуна «Апамдын махабаты» аттуу сериалында роль жаратканыңыз менен таанылгансыз. Азыр сиз ошол образыңызды кандай баалайсыз?
— Менин жүрөгүм тоо экен деп ойлоп кетем кээде. Себеби мен роль жараткан дээрлик алты-жети кинодо ошондой эле роль болду жана ошолордун баардыгын студенттик кезде тартылганмын. Анан биздин агайларыбыз «Кичинекей роль жок, кичинекей актёр бар» дейт эле да келген ролду биз тандабастан ойнойт элек. Анан азыркы акылым менен мен ал рольду албасам керек эле. Бирок ошол учурда жана азыркы учурда да ошондогу образымы көргөндөн уялам.
Маалыматыбыз боюнча жакында турмушка чыктыңыз. Кимге турмушка чыктыңыз? Ал кандай адам?
— Аза күтүү оор процесс, кыргыздар муну жакшы билет. Учурунда такыр турмушка чыкпайм деп ойлогом жана ушул жылдар аралыгында да ошол ойдо жүрдүм. Бирок мен ушул он жыл аралыгында дин жаатында билим алып, изденип келе жатам, ушулдан уламбы ойлор өзгөрөт экен. Анын үстүнө үч балам бар, ошолорго жетимдикти сездирбей жашоомду, жаштыгымды курманчылыкка чалууга туура келет. Жашоомдо кудайга кызмат кылуу максатымы коюп ошол багытта мага туура жол көрсөткөн адам бар экен көрсө. Баардык нерсе Аллахтын буйругу менен нике насип болот экен. Ал киши дин жаатында илим алып жүргөн инсан.
Тексти түшүрүп жазган: Асем Улукбекова
Оставьте первый комментарий