
Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылуу менен алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Атайын кызматка, Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.
Ал 2-февраль өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалган.
Факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Оставьте первый комментарий