
Боорго операция жасоо үчүн бейтаптан 25 миң сом алды делген бөлүм башчы менен дарыгер убактылуу операциялык жумуштардан четтетилди. Мындай жагдай укук коргоо органдарынын тергөө иштери аяктаганга чейин созулат. Бул тууралуу Ош облустук ооруканасынын жетекчилиги 2-февралда журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
Учурда бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, кызматтык ички иликтөө жүрүп жатат. Оорукана жетекчилиги эгер, алардын акча алганы далилденсе, административдик чара көрүлөт деп ишендирип жатат.
«Экөө тең операциялардан убактылуу четтеди. Укук коргоо органдарынын корутундусуна жараша чара көрүлөт, -дейт оорукананын дарылоо иштери боюнча директору Жаркынай Өмүрзакова.
Дарыгерлердин жоон тобу окуя социалдык түйүндөргө чыккандан кийин комментарийлерде врачтардын дарегине түрдүү пикирлер айтылып жатканын билдиришти. Алар кээ бир кесиптештеринин айынан бүтүндөй оорукана кызматкерлери жаманатты болду деген пикирде.
«Кечээ (ред-1-февралда) баардык дарыгерлер чогулуп, өздөрүнүн нааразычылыктарын билдиришти. Кесиптик кошуундун атынан сиздерге (ред-журналисттерге) жеткирип койоюн дедим. Элдин ден соолугу үчүн кызмат кылып, өзүбүзгө берилген иштин сырткары жүктөм менен иштеп жатабыз. Мунун баары эл үчүн. Бир-эки дарыгердин айынан эле баарын каралоого болбойт. Комментарийлерде медиктер элдин биринчи душманы болуп калып атабыз», -деди Ош облустук ооруканасынын Кесиптик кошундун төрагасынын орун басары Элмира Кудайбердиева.
Ош шаарынын тургуну Абдижапар Аккулов жакын тууганынын операциясы үчүн дарыгерлер 25 миң сом алышканын «Т-Медиага» билдирди. Айтымында, Ош облустук ооруканасынын Таракалдык бөлүмчөсүнүн башчысы менен Марат аттуу дарыгер бейтаптын бооруна операция жасап, акчаны анын энесинен алган. Окуя коомчулукка ачыкталып кеткенден кийин дарыгер акчаны кайра кайтырып берген. Бирок бейтаптын жакындары УКМКга жазган арызын кайтарып албай, акырына чейин күрөшөбүз деп жатат.
Акча алды делген дарыгер Марат Маткасымовду издеп Ош облустук ооруканасына барып, бирок иш ордунан таба алган жокпуз. Телефон аркылуу байланышканыбызда, дооматтарды четке какты.
Мамлекеттик кепилдиктер программасында операция үчүн эң арзан дегенде 430 сом, максималдуу көп болгонда 3440 сом төлөйт деп жазылган. Бул жерде 25 миң сом тууралуу эч кандай маалымат жок. Бул өкмөттүн он жыл алдын чыккан токтомунда бекитилген.
Ооруканаларда алгачкы жардам, наркоз, 16 жашка чейинки жарандарга жана медициналык камсыздандыруусу бар жана башка категориядагы жарандарга акысыз кызматтар көрсөтүлөт. Бирок дарыгерлер арасында операция үчүн акча алган үчурлар коомчулукта байма-бай айтылып, буга айлыктын аз экендиги себеп катары көрсөтүлүп келет. Өкмөт ак халатчандардын айлыгын көтөргөн менен маселе чечилбей жатат.
Оставьте первый комментарий