Сот блогер Жолдубаеваны бир берене боюнча актап, калган иштерде айыптуу деп тапты

Баткен райондук соту «Батма-бат» ютуб-каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеваны «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси боюнча актады. Бул тууралуу 4-февралда анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Т-Медиага» билдирди.

Ал эми «Бейбаштык», «Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» жана «Документтердин жасалмасын жасоо» боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга пробациялык көзөмөл дайындалды. Сүйүнбаеванын маалыматына караганда, сот бул мөөнөттө Жолдубаеванын блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Алар аталган чечимге карата облустук сотко кайрылышат.

Блогердин кармалышы

«Батма-бат» YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуева «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында былтыр 28-мартта кармалып, кийинчерээк үй камагына чыккан. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 («Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү»), 190(«Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу»), 379 («Документтерди жасалмалоо») жана 280-беренелери («Бейбаштык») менен төрт кылмыш иши козголгон.

Журналист Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*