«Коррупцияга каршы элдик кыймылынын» башчысы пара алууга шектелип кармалды

Сүрөт: УКМК

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин башчысы К.А.С. пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 3-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, аталган жаран Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кичи-Кеминдеги айыл башчыдан финансылык текшерүүнү токотууну убадалап, ири өлчөмдө акча талап кылган. Шектүү бирикменин макамын пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бюджеттин сарпталышы жана башка кызыктырган маалыматтарды сурап жүргөн. Эгер, алар талапты аткарбаса, ишин текшерерин айтып коркутуп, көптөн бери акча алып жүргөнү айтылды.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») менен кылмыш иши ачылып, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди, учурда бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*