
4-февралда Токтогул шаарында өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча турнир өттү. Мелдешке үч команда катышып, биринчи орунду Токтогул командасы ээледи. Ал эми экинчини Ак илбирс алса, коло байге Ак шумкарга берилди.
Биринчи орунду алган командага акчалай сыйлык тапшырылды. Калган жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана эң мыкты оюнчу номинациялары берилди.
Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, райондогу жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчилиги жана шаар тургундары катышты.
Эскерте кетсек: Кыргызстандын Хоккей федерациясы Токтогул муз аянтында хоккейди өнүктүрүү үчүн оюнчуларга атайын формаларды берген.
Оставьте первый комментарий