
Эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын «Кактус медиа» басылмасына ырастады. Айтымында, буга 2019-жылы тарткан видеосу TikTok социалдык тармагына тарап кеткени себеп болгон.
Журналистке алгач Ички иштер министрлигинен байланышкан. Кийин Ош шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалып, видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү суранган.
Шаардык милиция азырынча маалымат бере элек.
Оставьте первый комментарий