
Эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан кыргызстандык спортчуларга, алардын машыктыруучуларына жана бир катар спорт ишмерлерине президенттин атынан мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Куттуктоо аземи 4-февралда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп, 2022-жылы кыргызстандыктар эл аралык аренада спорттогу чоң ийгиликтерге жеткенин белгиледи. Ошондой эле ал улуттук команданын жетишкендиктери дүйнөлүк спорт тарыхында өз изин калтыргандыгын кошумчалады.
Президенттин жарлыгына ылайык, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго «Даңк» ордени ыйгарылды. Ушундай эле сыйлыкка Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Бээжин олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиевге татыды.
«Даңк» медалы менен эркин күрөшчү Эрназар Ахматалиев, самбочулар Дайырбек Карыяев, Бекболот Токтогонов, Артур Сансызбеков жана машыктыруучулар Руслан Мажинов, Хаким Махмудов, Сүймөнкул Таабалды уулу, Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенттери Ахрор Иминов менен Динара Исаев сыйланды.
«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» наамы Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Жунусовго, Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу жана улук машыктыруучусу Азат Эркинбаев менен Улукбек Карачолоков берилди.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) федерациясынын президенти Искендер Алымбеков, Эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Арсалан Будажапов, Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев Азиз, Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Амантур Исмаилов, Самбо боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азамат Казакбаев, Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжинин эркин күрөш бөлүмүнүн улук машыктыруучусу Ырысбек Мамышев, Грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Дастан Муктаров, Оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти Уланбек Молдодосов Уланбек, Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эмил Молдодосов, Джиу-джитсу улуттук федерациясынын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев, Таяк тартыш (мас-рестлинг) федерациясынын башкы машыктыруучусу Марат Раматов, Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков, Эркин күрөш боюнча U23 курама командасынын улук машыктыруучусу Исламбек Тазабеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана Грек-рим күрөшү боюнча U23 курама командасынын улук машыктыруучусу Арсен Эралиев сыйланды.
Оставьте первый комментарий