Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров көз жумду

Кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти, искусствого эмгек сиңирген ишмер Геннадий Базаров дүйнө салды. Ал 81 жашта болчу.

Кинорежиссёр 1942-жылы Ат-Башы районунда туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 

1967-жылы Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин экрандаштырган. Сценарийин Айтматов өзү кошулуп, Б. Добродеев, И. Галанкин менен биргеликте жазган. Тасма ийгиликтүү тартылып, «Кыргыз кереметинин» катарын толуктаган. Аталган тасма Кыргызстанда эле эмес, жалпы СССРде алкоого алынып, эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды жеңген.

Андан кийин «Каныбек», «Көчө», «Биринчи», «Көздүн кареги», «Кара кыз» толук метраждуу тасмаларын «Айың», «Аномалия», «Антракт» кыска метраждуу новелларды, даректүү тасмаларды тарткан.

Базаров 2022-жылдын декабрынын аягында II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*