Орусиянын пропагандасы Кыргызстанда эбегейсиз күчкө айланды
Былтыр марттын башында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев өкмөттү эки орусиялык телеканалды мамлекеттик бюджеттин эсебинен трансляция кылууну токтотууга чакырган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 50дөн ашык орусиялык телеканалдар көрсөтүлөт. Алар: «Первый канал Всемирная сеть», «Россия 24», «Россия-РТР», «Домашний», «РТР-Планета», «Музыка первого», «РБК», «RT», «MTV Россия HD», «СТС», «Матч! Футбол 1», «Рен ТВ», «НТВ», «Russia Today» жана башка каналдар.
«Эбегейсиз чоң күч»
Саясат талдоочу Эмил Жураев Орусиянын пропагандасы бир нече жылдан бери өнүгүп келе жаткан эбегейсиз күч экенин жана учурда өзүнчө индустрияга айланып калганын белгилейт. Анын баамында соңку жылдары, айрыкча Орусия Украинага бастырып киргенден тарта өлкөнүн пропагандалык аракети эң ыкчам ылдамдыкка өтүп алган.
Эмил Жураев
политолог
«Интернетти Орусия өзү чектегенге аракет кылып жатат. Анткени аларга атаандаш, дүйнөлүк маалымат майданында пропагандалык материалдарына каршы келген маалымат көп болуп атпайбы».
Жураевдин айтымында, Кыргызстандын ичинде өтүлчү ар кандай иш-чаралар, берүүлөр, чогулуштар аркылуу Орусиянын пропагандасы уланууда. Аны чектөө жана ченөө учурда кыйынга турат.
«Шериктештик, бейөкмөт уюмдар, жарандык уюм, маалымат каражаттары дейбизби, сүйлөшүү жүргүзгөн жеке адамдары деле бар. Булардын баарынын ишмердигин, каржысын Кыргызстандагы «Россотрудничество» деген Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы уюм алып барат», -дейт Эмил Жураев.
Журналист Семетей Аманбеков орусиялык телеканалдар бир тараптуу, объективдүү эмес маалыматтарды берип жатарын айтат. Ал көпчүлүк кыргызстандыктардын бул телеканалдар аркылуу тараган пропагандага ишенип жатышканына кейийт.
Семетей Аманбеков
Журналист
«Жалгыз эле Кыргызстанда Орусиянын телеканалдары социалдык пакетке кирет. Биз ал өлкөнүн пропагандасын угуш үчүн жада калса акча төлөп жатабыз. Бир да өлкөдө андай жок. Жаштар башка маалымат булактарын колдонуп, интернет болобу же ютуб-каналдарды издеп, картинаны толук көрүшөт».
Бирок маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов орусиялык, ошондой эле башка чет өлкөлүк телеканалдардын берүүлөрүнө республикалык бюджеттен каржылоо жүргүзүлбөй турганын айтууда.
Чыңгыз Эсенгулов
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары
«Кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылдагы токтомуна ылайык, социалдык пакетте чет өлкөлүк телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарынын жана радиоканалдарынын берүү сигналдарын таратуу кызматына республикалык бюджеттин каражаттарынан акы төлөөгө жол берилбейт».
Орусиянын пропагандасынын таасири жаңы мыйзамдын өңүтүндө да байкалат. Маселен, бейөкмөт уюмдарды «чет өлкөлүк агент» катары таануу мыйзам долбоорун кабыл алууну айрым депутаттар бир нече жылдан бери эле талап кылып келишет. Алгач демилге Надира Нарматова, Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев тарабынан 2014-жылы көтөрүлгөн. Ал кезде үчөө тең парламенттин бешинчи чакырылышын депутаты болгон.
Нарматова парламенттин жетинчи чакырылышына депутат болуп келгенден бери бул долбоорду дагы сүрөп баштады. Эл өкүлү былтыр февралда парламент жыйынында мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу керектигин айткан.

Орусиянын консулдугу менен депутаттын байланышы
Буга чейин журналисттер Ош шаарындагы Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экенин жазып чыгышкан. Имарат 2009-жылдан бери ижарага алынып атканы белгилүү болгон.
Укук коргоочу Акылбек Ташбулатов бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга душман эмес экенин белгиледи. Тескерисинче алар социалдык көйгөйлөрдү, бийликтин колу жетпеген маселелерге канча жылдан бери инвестиция тартып, чечкенге көмөк көрсөтүп келе жатканын айтты.

Акылбек Ташбулатов
укук коргоочу
«Бейөкмөт уюмдарга «тыңчы» деген кошумча термин кошушту. Ага кайсы адам болбосун, эгерде ал бийликте турган кишилер менен пикирлери келишпей калса, ошол макамга туура келип калышы мүмкүн. Бул Орусиянын мыйзам долбоору. Аны демилгелеп жаткан депутат Надира Нарматова имаратын алардын консулдугуна берип, ошол жактан нан табат. Көп учурда бейөкмөт уюмдар бийликке "кредиттин акчасы кайда кетти? Өлкө кыйналып атканда депутаттарга жаңы креслонун эмне кереги бар? деген ыңгайсыз суроону берип калабыз. Ошондой адамдар бийликке кандай жагат деп ойлойсуз?»
2021-жылы июль айында президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу» мыйзам долбооруна кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Президенттик администрация сунуштаган долбоор эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын сынына кабылган.
Эгер, документ кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар Соцфондго, Салык кызматына төлөмдөрүнөн тышкары, Юстиция министрлигине каржы булактары, жүргүзгөн ишмердиги тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилет. Бирок аталган мыйзам долбоору артка жылды. Документти кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, аны курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы кирди. Ал топ мыйзам долбоорун 1-июлга чейин даярдап коомдук талкууга алып чыгышы керек.
Саясат талдоочу Эмил Жураев Кыргызстанда сунушталып жаткан долбоор анын көчүрмөсү катары Кремлдин таасири астында экенин белгилейт. Жураев Орусия өзү ушул сыяктуу мыйзамдардан айрылмайынча жана Кыргызстан ал өлкөгө жакын болгондуктан, алардын ушул сыяктуу демилгелерине кошулуп кетиши мыйзам ченемдүү болуп калууда дейт.

«Тилекке каршы, көнүмүш адам болуп калган нерсе - бизде Орусиядан көчүрүп келген мыйзамдар көп кездешет. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору дагы так ошолордун бир көрүнүшү. Мунун кайра-кайра эле көтөрүлгөнүнүн себеби албетте, баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Биринчиден, мүмкүн кайсы бир деңгээлде бара-бара чыңалып да келе жаткан геосаясий кырдаалга жараша жана Кыргызстанда өзгөчө бийлик тарапта, алардын ичиндеги ар кандай топтор жагымсыз сынга, критикага жакын болгон ММКлар, коомдук талаада иштегендердин иштөөсүнө, сөз эркиндигине бөгөт коюунун бир куралы катары кызыгуу көп. Экинчиден, коомдогу пикирлердин көп түрдүүлүгүнө,сөз эркиндигине, демократиялуу элдин укуктарынын катышуусуна болгон баалоо, ошолорго түз мамиле болмоюнча ушул сыяктуу чектөөчү мыйзам долбоорлору улана бериши күтүлөт окшойт».
Көчүрүлгөн пропаганда, көчүрүлгөн мыйзам
Буга чейин журналисттер мыйзам долбоор Орусия федерациясынын мыйзамынын көчүрмөсү болуп чыкканын аныктаган. Көп беренелердеги айырмачылык өлкөнүн гана аталышында – башкача айтканда, авторлор «Орусия Федерациясы» дегенди «Кыргыз Республикасына» алмаштырып коюшкан. «Адилет» укуктук клиникасы дагы Нарматова сунуштап жаткан мыйзам долбоору 98% Орусиянын «Чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн маалымдаган.
Орусияда четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды «тыңчы» катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Алгач «чет элдик агент»деп юридикалык жактар, мисалы ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да «чет элдик тыңчы» катары тааныла баштаган.
Азыркы учурда бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөн башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса ал «чет элдик ЖМК агенти» катары таанылышы мүмкүн.
"ПолитКлиниканын" маалыматы боюнча, Орусияда «чет элдик агент» статусу дээрлик 10 жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде 14төн ашуун ЖМК, ошондой эле ЖМК менен байланышы бар адамдарга иш козголгон. Мындан сырткары биринчи төрт жылда эле «чет элдик агент» деп таанылган 148 уюмдун 27си ишин токтотууга аргасыз болуп, көз карандысыз жана чуулгандуу иликтөөлөрдү жасап жүргөн бир катар журналисттер өлкөдөн кетүүгө мажбур болушкан.

Семетей Аманбеков «Чет элдик агент» мыйзам долбоорунун кайра-кайра сунушталып жатканын граждандык коомду, бейөкмөт уюмдарды жана ММКларды көзөмөлгө алуу жана тыюу максаты менен байланыштырат. Анын айтымында, мыйзам кабыл алынып калса, мамлекеттик органдар каалаган ЖМКны, бейөкмөт уюмду текшерүүгө жана жапканга мүмкүнчүлүк ала алат.
«Кыргызстанга Орусиядан басмырлоо болуп жатат. Башка өлкөлөрдөй болуп батышка, Түркияга же Кытайга ооп кетпесин деп татаалдантып, биздин өлкөнү контролго алууну күчөттү. Азыр бул өлкө тараптан биздин өкмөткө, президенттик администрацияга жана Жогорку Кеңешке басым болууда. Мыйзамды кабыл алдырып, ал жакта эч кандай башка күчтөр болбосун, бир эле өлкөнүн контролу болсун деген сигналды берип жатат. Ошондуктан айрым депутаттардын колу менен мыйзамды кабыл алдыруу аракет болууда».
Аманбеков азыр бир эле убакта жарандык коомго төрт мыйзамдын жардамы менен (ЖМК тууралуу, НПО жөнүндө, чет элдик агент жана анык эмес маалыматка каршы мыйзамдар) басмырлоо жүрүп жатканын билдирдет.
- «Бул мыйзамдарды бир убакта кабыл алуу аракети аркылуу башка мамлекет Кыргызстандагы оппозицияны, жарандык коомду жана сөз эркиндигин басмырлап, өз өлкөсүнө окшоштуруу аракетин көрүүдө», –дейт ал.
- АвторЖылдыз Орозматова