
Түркиядагы зилзалада издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн кыргызстандык куткаруучуларынын экинчи тобу өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу 23-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстандан Түркияга жалпы 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде алты дарыгер, боз үй тигүү үчүн беш адам бар, калганы ӨКМдин куткаруучулары. Алар Түркияда 12 күн болуп, урандылардын алдынан сегиз адамды аман куткарып, 198 сөөктү алып чыгышкан. Куткаруучулардын биринчи тобу Бишкекке 20-февралда келишкен.
6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда.
20-февралда да Түркия менен Сириянын чек ара аймагында эки жолу жер титиреп, Түркияда алты киши мерт болду. Сирияда үч киши өлгөнү айтылууда. Эки өлкөдө кеминде 800 адам жабыркады. Жер силкинүүнүн жыйынтыгында Хатайда электр кубаты өчүп, бир нече имарат кыйрады.
Оставьте первый комментарий