
Ош шаарындагы борбордук көрүстөн бир жылга жетпей толушу мүмкүн. Ушул тушта 200дөй гана сөөк коюууга жер калды.
Борбордук көрүстөндүн жалпы аянты 50гектар. Анын болгону эки гектары бош турат. Бул аянт алты айдан бир жылга чейинки аралыкта толушу мүмкүн. Мындан улам дагы жер ажыратуу зарылчылыгы бар. Ош шаардык жарандарды тейлөө бюросунун башкы адиси Барчынбек Таныров кооптонуудан улам бир ай мурун Ош мэриясына жер аянтын кеңейтип берүү өтүнүчү менен кат жолдошконун айтат. Бирок жооп алыша элек.
«Бош турган эки гектар жердин айрым бөлүктөрү шагыл. Андай жерлерге сөөк коюлбайт. Анткени шагылды казыш кыйын, таштап ийиши мүмкүн. Ошондуктан ал жерлерге дээрлик койбойбуз. Биздин эсебибиз боюнча бир гектар жерге төрт метрден эсептегенде 100 адамдын сөөгү коюлат экен. Мүмкүн бир жылда же алты айда толуп калышы мумкүн. Эгерде жер бөлүнүп калса ошого карап да иш алып барабыз».
Шаардык кеңештин депутаты Арипбек Айтбаев жер маселесин сессияларда бир канча ирет көтөргөнүн, мэрияга кат менен да кайрылганын билдирди. Бирок канааттандырарлык жооп болгон эмес. Маселе боюнча мэр Бакытбек Жетигенов менен да сүйлөшкөн.
«Мэрдин өзүнө да жеке кайрылдым, алдына кирип чыктым. Тапшырма берди, бирок майнап жок. Көйгөй каттын деңгээлинде гана калып кетип жатат. Чуркап, «чечели» деген адамды көрбөй жатам. Мурда каза болгон адамдын сөөгүн жакындары айылына алып кетчү эле. Азыр эми «ушул жерде жашады, бала-чакасы барып турсун» деп шаарга эле коюулууда. Ички миграциянын негизинде Ош шаарында калктын саны 500 миңге жетип калды дешүүдө».
Мэрия эмне дейт?
Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жакынкы күндөрү комиссиялык топ түзүп, көрүстөндүн толушун күтпөй, шаардын балансындагы башка жерлерди караштырабыз деп жооп берди. Мекеменин жетекчисинин орун басары Дастан Мурзалиев бул иштер март айында жыйынтыкталарын кошумчалады.
«Толуп калышы ыктымалы айтылып жаткан бир жылды же алты айды күтпөй, алдын-ала аракет кылабыз. Мартка чейин жанданып, бир чечимге келебиз», -дейт Мурзалиев.
Азыркы учурда Ош шаарында Кайырма-1, Кайырма-2, Массив Калинин, Нооман Ата, Коргон-Төбө, Эдельвейс жана борбордук көрүстөндөргө мейиттер коюлат. Борбордук мүрзөгө айына орточо онго жакын сөөк коюлат. Калаада толуп, иштетилбей калган он көрүстөн бар.
Оставьте первый комментарий