Египеттеги турнирде эркин күрөш боюнча кыргыз курама командасы 7-орунду ээледи

Эркин күрөш боюнча кыргыз курама командасы Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдеште 7- сапка чыкты. Бул тууралуу дене-тарбия жана спорт департаменти билдирди. 

Турнирде эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев 70 кг салмакта жана Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг салмакта биринчи орунду багындырган. Ошондой эле, 57 киллограмм салмакта күрөшкө чыккан Бекзат Алмаз уулу коло медаль уткан.

Ал эми, грек-рим күрөшү боюнча кураманын мүчөлөрү Акылбек Талантбеков күмүш, Сыймык Махмудов жана Раззак Бейшекеев коло байге утуп, командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеген.

Кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы коло медаль утуп төртүнчү сапка чыккан.

Египеттин Александрия шаарында Ибрахим Мусафа атындагы эл аралык күрөш мелдеши 23-февралда башталып, 26-февралда аяктады.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*