Улуттук банк акчалай сыйлык берип жатабы? Расмий жооп

Социалдык тармактарда жана whatsapp группаларда Улуттук банк 20 миң сом акчалай сыйлык берип жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Анда жиберилген шилтеме аркылуу сурамжылоодон өтсөңүз, сизге сыйлык бере тургандыктары көрсөтүлгөн.

Сиз шилтемеге кирип, аны 20 адамга же группаларга жиберишиңиз керек болот. Анда айтылган талаптарды аткарып, суроолорго жооп бергениңизден кийин сизди кандайдыр белгисиз сайттарга алып барат же болбосо шилтемеден чыгып кетесиз.

Улуттук банк эмне дейт? 

Улуттук банк эч кандай сурамжылоо жүргүзүлбөгөнүн маалымдады. Бул сиздин жеке маалыматыңызга ээлик кылуу максатындагы алдамчылык аракеттер.

«Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар! Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз! Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз», — деп айтылат Улуттук банк тараткан маалыматта.

Жыйынтык: фейк. Кезектеги шылуундук, интернет фишинг.

Эске салсак: буга чейин да ушул сыяктуу шилтемелер тиркемелерде тарап келген. Алардын арасынан  Factcheck.kg, t-media.kg басылмалары Аdidas, Аmazon, Disney, Coca-Cola , Газпром, Белая река, whatsapp  жана башка компаниялардын да ушул сыяктуу «акцияларын» текшерип чыккан. Алардын дээрлик баары окшош. Жыйынтыгында бул шылуундардын гана иши экенин белгилүү болгон.

Бул материал «Фейк көзөмөл» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*