Өздөрү алмашып, бирок аттары алмашпаган мэрлер

Ноокат жана Өзгөн,  Кызыл-Кыя шаарларынын  мэрлери кимдер? Алар качан дайындалган? 

Биз жогорудагы 3 шаардын мэрлеринин аты-жөндөрүн Юстиция министрлигинен карап көрдүк. Алардын айрымдары  жети жылдан бери жаңылана элек. 

Учурда Кызыл-Кыя шаарынын мэри катары Юстиция министрлигинин сайтында  Хабийбулла Халмурзаев көрсөтүлгөн. Халмурзаев чынында эле Кызыл-Кыя шаарынын мэри болгон. Бирок, мындан жети жыл мурун. Тагыраагы мэрлик кызматта 2010 — жылдан, 2016 — жылга чейин олтурган. Демек ошол жылдан тарта мэрдин аты-жөнү өзгөргөн эмес. Азыр Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков.

Ноокаттын шаарынын мэри деп Жоомарт Нурдинов көрсөтүлгөн. Ал 2017-жылы мэр болуп дайындалып, эки жыл мурун кызматын тапшырган. Азыр Улан Турганбаев.

Өзгөн шаарында деле ушундай көрүнүш. Анда Нодирбек Каримов мэр деп көрсөтүлгөн. Тагыраагы Каримов дагы Өзгөн шаарынын мэри болуп 2013-2015-жылдары иштеген. Бирок Юстиция министрлигинин сайтында өзгөргөн эмес. Учурда Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоров.

Буга чейин биздин редакция мамлекеттик сайттардагы мүчүлүштүктөр тууралуу материал даярдаган. Анда Жала-Абад шаарынын мэри катары кызматтан 4-5 жыл мурун кеткен башчынын аты-жөнү көрсөтүлгөн болчу. Ошол учурда Юстиция министрлиги биздин басылмага кат жолдоп, маалыматарды өз алдыларынча  жаңылабай тургандыктарын билдиришкен. Жергиликтүү бийликтегилер, министрлике кат аркылуу кайрылганда гана алар маалыматты өзгөртө тургандыктарын белгилешкен.

Бирок, бул кызматтар качан бири-бирине кат жолдоп мүчүлүштүктөдү жоюшат белгисиз.

Бул материал «Фейк көзөмөл» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*